Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Президент К. Бакиев куттуктоо телеграммаларын алды


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Орусиянын президенти Дмитрий Медведевден жаңы жылдык куттуктоо телеграммасын алды.Телеграммада, узап бара жаткан жылы эки өлкөнүн кызматташуусу жаңы өнүгүүгө ээ болгону, Орусия-Кыргызстан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге алып чыгууга мүмкүнчүлүк берген принципиалдуу макулдашууларга жетишкендиги белгиленген.
Ошондой эле орус президенти “келе жаткан жылы аймактагы коопсуздуктун жана стабилдүүлүктүн кызыкчылыгында, эки өлкө элдеринин жыргалчылыгы үчүн Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин жалпы аракеттер менен чыңдай алабыз деп ишенерин”, билдирген.
Жаңы жылдык куттуктоо телеграммаларын, Казакстандын президенти Н.Назарбаев, Өзбекстандын президенти И.Каримов, КЭР төрагасы Ху Цзиньтао, ФРГнын президенти Х.Кёллер, Ирландиянын президенти Мери Макалис, Даниянын Королу Маргрета II, Иорданиянын Королу Абдуллах II,Марокконун Королу Мохаммеда VI, Омандын Султаны Кабус Бин Саид,Палестина улуттук администрациясынын төрагасы М.Аббас жолдогон.
Мындан тышкары президент Курманбек Бакиевди Орусиянын премьер-министри В.Путин, Испаниянын премьер-министри Х.Л.Родригес, Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун жана Азия өнүктүрүү банкынын жетекчиликтери жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG