Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

Ооганстандын 10 тургуну чет элдик аскерлердин жаңылыштыгынан улам мерт болгон


Окуяны иликтөө үчүн президент Хамид Карзай тарабынан дайындаган комиссия мына ушундай тыянакка келгенин бүгүн анын башчысы жана президенттин кеңешчиси Асадулла Вафа жарыялады. Кунар провинциясынын аймагында жайгашкан турак үйлөрдүн бири өткөн ишемби күнү аткыланган. Мурдараак НАТОнун Оооганстандагы командачылыгы Кунар провинциясында аткыланган үйдө чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча согушкерлер жашырынганын билдирген. Бирок ооган комиссиясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында, аткылоодон каза тапкандардын сегизи мектеп окуучулары болуп чыкты. НАТО Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү бүгүн окуянын чоо-жайы ооган бийликтери менен бирге териштирилип жатканын айтты.

Кунар провинциясында жөн-жай тургундар мерт болгонуна кыжырданган жүздөгөн оогандар Жалалабад шаарынын көчөлөрүнө чыгып, АКШ президенти Барак Обаманын сөлөкөтүн жана АКШнын желегин өрттөштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG