Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Г.Павлюктун өлүмүнө контрчалгын кызматкерлеринин катыштыгы бар деген маалымат жалган


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. Алардын маалымдашынча, коопсуздук кызматынын контрчалгын кызматкерлеринин журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар деген маалымат чындыкка коошпойт жана ойлоп табылган нерсе.

Ал эми Казакстандын КТК телеканалынын журналисттери төмөндөгүдөй маалымат таратты. “Кыргызстандын белгилүү журналисти Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын контрчалгын кызматкерлеринин тиешеси бар. Бул тууралуу күч структураларынын маалымдалган булактан белгилүү болду. Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери журналист менен жолугушууну белгилеп, аны менен өлтүрүү болгон батирде чогуу болушканын маалымдады”,- деген КТК каналынын маалыматы интернет сайттан алынды.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алматыда мерт болгон кыргыз жараны Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Ошондой эле бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тараптын тиешелүү кызматтарына берүү маселеси чечилип жатканы айтылган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 25-декабрда Казакстандын Башкы прокуратурасына Г.Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча маалымат берүүсүн өтүнүп расмий кайрылган. Кечээ Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул маселе боюнча Казакстандын Башкы прокуратурасынан азырынча жооп келе электигин кабарлады.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү №77 көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.
Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG