Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Ооганстанда америкалык 8 адам курман болду


Акыркы 24 саатта Ооганстандан суук кабарлар көп келип атат. Кечээ Ооганстандын Кандагар аймагында бул мамлекетте жүрүшкөн канадалык 5 жаран бомба жардыруусунан каза табышты, алардын бирөө журналист. Эл аралык күчтөрдүн маалыматы боюнча, журналист аскер күчтөрү менен бирге Ооганстанга келген экен.

Андан азыраак мурда Хост аймагындагы америкалык 8 жаран жанкечтинин жардыруусунан каза тапты. Алар АКШнын чалгындоо кызматынын кызматкерлери экен деген маалымат тарады.

Кандагар негизи коогалуу аймак болуп эсептелет. 24-декабрда дагы бул жердеги жардыруудан 8 адам каза тапкан эле, алардын арасында жаш балдар да бар болчу.

XS
SM
MD
LG