Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Тегеранда өкмөттү колдогон акциялар өттү


Кечээ Тегеранда өкмөттү колдоп, оппозиционерлерди сынга алган адамдардын жыйыны өттү. Ага он миңдеген адамдар чыгышып, Ашура майрамы маалында өкмөткө нааразылык билгизип акция өткөзгөн оппозияны сынга алышты. Алардын пикиринде, оппозиция мунусу менен ыйык майрамга көө сүртүшкөн.
Жекшембиде оппозиция менен полициянын кагылышуусунан 8 адам каза таап, оппозициянын 500дөй тарапкери камакка алынган, алардын 300дөйү дале жатышат. Мындан мурда Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча өкүлү Нави Пиллэй Иран бийликтеринин оппозицияга жана элге жасаган мамилесине камтамачылыгын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG