Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Путин Орусиянын калкы көбөйө баштаганын айтты


Премьер-министр Владимир Путин 1995-жылдан бери биринчи жолу Орусияда калктын саны өсүү жолуна ык алганын билдирди. Ал кечээ 2009-жылдын жыйынтыгын өкмөт жыйынында чыгарып жатып, калктын санынын өсүп жатканына терең ишенээрин айтты. Советтер Союзу кулагандан бери Орусияда калктын саны азайып бараткан. В.Путиндин өкүлү Дмитрий Песковдун Франс-пресс агенттигине айтканына караганда, калктын өсүшү балдардын көп төрөлө башташы менен, ошондой эле, тыштан көчүп келип аткандардын санынын аркасында да камсыз кылынып жатышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG