Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Нидерландия менен Нигерия коопсуздук чараларын күчөтөт


Нидерландия менен Нигерия өз аба майдандарында эми адамды баштан-аяк толук көрсөтө турган сканерлерди колдоно баштайт. Крисмасст майрамы күнү 23 жаштагы нигериялык Абдулмуталиб Лагостогу, ошондой эле Амстердамдагы аба майдандарынан жардыруучу затты алып өтүп, Детройтко багыт алган учакты жардырмакчы болгондо кармалган эле. Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама аба майдандарындагы коопсуздукту сактоо системасын сынга алган болчу. Эми адамды алаканга салгандай көрсөтө турган сканерлерди Амстердамда алдыдагы үч апта ичинде, ал эми Нигерияда жаңы жылдан тартып колдоно башташмакчы.

XS
SM
MD
LG