Бишкекттин борбордук аянтындагы иш-чарага жүздөн ашуун аяз ата менен аяз кыз катышты. Аларды жомоктордогу ар кандай каармандар коштоп жүрүштү. Аянтта андан соң кыргыз эстрада ырчылары жана бий топтору концерт коюшту. Шаардык мэрия кечинде 2010-жыл Барс жылынын урматына салют атылаарын билдирди. (EBM)