Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Нарын: Тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы кол топтоо башталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарындагы “Биримдик” ассоциациясынын өкүлү Асыл Жаманова билдирди. Анын айтымында, аталган уюм электр энергиясынын жана жылуулуктун баасынын кескин көтөрүлүшө байланыштуу президентке кайрылуу да жолдоду. Өкмөттүн мындай аракеттери элге каршы саясат болууда, кыш жети айга созулган айрыкча Нарында жергиликтүү эл тарифтердин жогорулашын көтөрө албайт, мунун айынан азык-түлүккө да баа кымбаттаса калк каржалып калат, дейт А. Жаманова. Эртең, 1-январдан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эки эсе, ал эми жылуулуктун баасын беш эсеге кымбаттайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG