Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Түндүк Корея чет элдик валютага тыюу салды


Түндүк Кореяга коңшу Кытайдын мамлекеттик ССТV телеканалынын маалыматына караганда, жаңы чечимге ылайык кокус өлкө жарандары еврону, америкалык долларды, кытай юанын же башка чет элдик акча бирдигин колдонсо катуу жазага кириптер болгону турат. Буга чейин Түндүк Кореянын кээ бир дүкөндөрүндө же ресторандарында чет элдик акча менен эсептешүүгө болот эле. Чет элдик валютага тыюу салар алдында Түндүк Кореянын өкмөтү улуттук акча – вондун башка валюталарга карата курсун өсүп бара жаткан инфляцияны токтотуу жана экономиканын үстүнөн көзөмөлдү калыбына келтирүү аракетинде көтөргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG