Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Ооганстанда чет элдиктер чоң жоготууга учурады


Жоготуулар акыркы 24 саат ичинде орун алды. Козголоңчулардын уюгу бар деп эсептелген Кандагар провинциясында жол боюндагы бомбанын жарылуусунан төрт жоокер жана бир журналист каза тапты. Алардын
баары - Канаданын жарандары. Мунун алдында Хост провинциясындагы аскерий базада жанкечти жасаган жардыруудан аскерий эмес сегиз америкалык каза тапкан эле. АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУ өлгөндөрдүн арасында ушул мекеменин да кызматкерлери болгон деген маалыматты ырастаган жок. Бул жардыруу үчүн Талибан жоопкерчилик алды. Талибандын өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, жанкечти ооган армиясынын кийими менен жүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG