Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Бишкекте тез жардамга 518 адам кайрылды


Бул тууралуу Бишкектеги тез жардам берүү кызматынан билдиришти. Жаңы жыл түнү кайрылган адамдардын төрт жүз он алтысына жеринде барып медициналык тез жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен алкоголь ичимдигин ичкен он беш адам денесинен ар кандай жаракат алышып, ооруканага жеткирилген. Бир адам көп кабаттуу үйдүн балконунан кулап кетип жан берген. Бир аял спирт ичимдигинен ууланып каза болгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG