Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

АКШда сот Blackwater агенттигинин мурдагы беш кызматкерин толук актады


Аталган коопсуздук агенттигинин ал кызматкерлери 2007-жылы 16-сентябрда Иракта америкалык дипломаттарды коштоп жүрүшкөн. Жикчилер дипломаттарга кол салышканда, бул беш кызматкер ок жаадырышкан. Атышууларда ирактык жөнөкөй тургундардын ичинен 14 адам да окко учкан болчу. Федералдык сот булар боюнча өкүмүн чыгарып жатып, Американын өкмөтү ал адамдарды “жумуштан айрыласыңар” деп кысым көрсөтүп, шектелгендердин конституциялык укуктарын бузган деп тапты. Сот бул адамдарды актап, аларга кысым көрсөткөн Мамдепартаменттин тергөөчүлөрүн айыптады.

XS
SM
MD
LG