Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

Мирлан Шабданов ушул учурда Лондондо экономика жаатында бакалавр дипломун алуу үчүн окуп жатат. Өзү Кетмен-Төбө өрөөнүнөн келген. Кабарчыбыз менен болгон маегинде кыргыз студенти Улуу Британия өлкөсүндөгү билим алуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө ой-пикир бөлүштү.

- Мирлан оболу өзүңүздүн окууңуз жөнүндө айтып кетсеңиз?

- Мен Лондонго беш жыл мурун келгем, Кыргызстанда 10- классты бүтүп, мектепти аяктай электе бул жерге колледжге өтүп кеткем. Абдан мыкты колледжде окугам.

- Колледждин аты кайсы?

- Англисче Southbank International School. Бул эл аралык мектеп болчу, ар кандай балдар ар кайсы өлкөлөрдөн келип окушчу. Ал жерден эл аралык бакалавриат деген дипломго окугам. Ал диплом менен дүйнөдөгү ар бир университетке кирип кеткенге мүмкүнчүлүк бар болчу. Ошол Лондондо эле калып Чыгыш Лондон университетинин (The University of East London) экономика факультетин тандап алып өтүп кеткем, анткени кызыктуу көрүнгөн. Чынында эле кызыктуу экен.

- Азыр кайсы курсундасың?

- Акыркы жыл калды, үч жылдык курс.

- Биз Кыргызстандагы студенттердин кээ бир көйгөйлөрүн да чагылдырып жүрөбүз. Анда кээде мугалимдер зачет койбой, экзамендерине жакшы баа койбой, сүйрөп тымызын тыйын талап кылган учурлары да бар экен, а сиздерде ушул сыяктуу көрүнүштөр болобу?

- Абдан жакшы суроо, анткени ушул жагы бизде жок болгондо Кыргызстан аябай эле жакшы өнүкмөк. Анткени бул жерде университетке киргенде жалаң эле атыңды жазбайт, сага бир номер берет. Ошол номер бүт жакка коюлат, доклад жазып же экзамен берип атканда атың эч качан жазылбайт.

- Демек жазган кишинин улутун, анын жынысын, жашын, атын ким экенин билбей туруп текшеришет турбайбы?

- Ошондо анонимдүү болуп калат да. Анан ал номер тизмеде бар да, баары бир деле ким деген бала экенин көрсөтөт. Бирок анда деле ал атты издеш үчүн бир канча убакыт кетириш керек. Мугалимдерге баары бир, алар номерди эле карайт кандай жазганын, чын эле өзү эмне ойлоп атканын жазып берет, ошентип баалайт.

- Бакалаврды бүтүп аткандагы силердин эмгекти такыр башка университетте иштеген, такыр башка шаарда жашаган кишилерге да текшертиши мүмкүн турбайбы?

- Ошондой жагы да бар. Анан бизди доклад же экзамен тапшырганда биринчи ошол мугалим текшерет, мугалимден кийин дагы бир башка университеттен, мүмкүн башка өлкөдөн келген киши текшерет. Анан экөөнүн бааларын салыштырат, аябай чоң айырмачылыктар болуп калганда кайра башынан экөө тең баалаш керек болуп калат.

- Айырмачылыктар чыкса анда дагы бир үчүнчү калыс кишиге берет экен да?

- Андай дагы болот, кээ бирде дагы бир жолу ошол эки киши текшерип бир жыйынтыкка келет.

- Өтө кызык экен. Андан башка дагы бир жагы - силерди окуткан окутуучулар, профессорлор жакшы маяна алышат да, алар студенттерди аңдыгандай деңгээлде эмес өздөрүнүн профессионалдык деңгээли үчүн, өздөрүнүн инсандык бедели үчүн күрөшөт да, туурабы?

- Алардын жумуш ордуна келчү жумушу жоктор аябай көп, ошондуктан бир жумуш орунга конкуренция көп бул жерде.

- Мугалимдердин деңгээли жөнүндө студенттерден сурамжылап турушабы, мугалимдин сабакты кандай өткөргөндүгү жөнүндө, анын професионалдык деңгээли жөнүндө?

- Абдан жакшы суроо. Ар бир университет ар бир жарым жылда сурамжылоо өткөрүп турат. Ал сурамжылоодо студенттерден сурайт: бул мугалим кандай өткөрүп атат, кызыктуубу, кайсы материалды, кайсы китепти окуш керек экенин. Туура айтып берип атабы деген суроолорду берип баалайт. Анан жакшы бааланса мугалимге жакшы болот, мүмкүн айлыгы жогорулайт. Эгер жаман болуп калса университеттин администрациясы сурайт, эмне үчүн сабагынын начар өтүп атканын.

- Контрактты бузбаш үчүн андан кийин ал мугалимди чакырбай коюшу мүмкүн да?


- Чакырбай коюшу мүмкүн, ошондо жумушу да жок калат.

-Бул жакта мугалимдердин өздөрү плагиат кылбай, башка бирөөнүн эмгегин уурдап албай, өз алдынча дагы дарстарды даярдашабы?

- Өзүлөрүнүн окуганын дароо эле көчүрмөсүн алып коюп, өзүнүн сөзү менен жазат. Анткени китептен окуп алганга шарт бар, бирок өзүнүн сөзү менен түшүндүрүп бергенде мүмкүн студент жакшыраак түшүнүп калат.

- Мирлан дагы бир кызык маселе. Кыргызстанда айрым жалкоо студенттер өздөрү рефератты жазбай туруп, же курстук иш болобу, кайсы бир китепканада иштеген же мурун окуусун бүтүп кеткен кишилерге тыйын берип коюп, өздөрү даярдатып алып эле жактап атпайбы бул жакта. Ошол сыяктуу плагиат иш суна калган студенттерди жолуктурдуңбу, бирөөнүн ишин жаздыртып анан өзүнүн иши катары сунуш кылган студенттер барбы?

- Андай студенттер ар бир өлкөдө эле бар окшойт, андай студенттерди көргөм. Бир студент бар болчу кээ бирде интернеттен рефераттарды сатып алчу, бирок дайыма кармалып калчу. Кармалбаса да аябай жаман баа алып калчу. Атайын компьютердик программалар бар, алар оңой эле таап коюшат. Интернетте сатып алгандан да жазып аткан киши дагы өзүнүн кызыкчылыгы жок эле акчага алганга эле аракет кылат эптеп-септеп эле жазышат. Мугалим өзү билет, ушул студент жазганга мүмкүнчүлүгү барбы, жаза алабы дешип, студенттерин билип калышып, кээ бирде сен жазган жок окшойсуң деп айтып коет. Ошентип кармалып калышат.

- Чет өлкөгө келип мына сен ийгиликтүү окуп атасың, далай кыргыз кыздар балдар ийгиликтүү окуусун бүтүп кетип атышат. Ошол эле учурда бул жакка окуйм деп келип алып, студенттик визасын башкага колдонуп жумуш иштеп, эптеп акча табайын деп жүрүп визасынан ажырап калгандар бар дейт, ошолор жөнүндө билесизби?

- Андай кишилер жөнүндө билем. Жакын бир таанышым бар болчу ошондой. Ал студенттик виза менен келип алып окууга өткөн, бирок барчу эмес. Жөн эле жүрө берип иштегенге аракет кылчу. Эки жылдай жүрүп бир да сөз англисче билбей кетти.

- Байкуш ата- энеси англисче шакылдап сүйлөп бизге сабатын, билимин арттырып келет деп үмүттөнүп атты да, туурабы?

- Ошол студенттердин жаман жагы-өзү окубаган киши жаман көрүнүштөргө тез көнүп, казиного кирип ойноп же болбосо уурулукка азгырылып кетишет.

- Мен укканга караганда, алардын айынан окуйун деп ушул жакка умтулуп аткан башка балдар-кыздарга виза алууда кыйынчылык түзүлөт экен да. Кыргызстандыктардын бир тобун өтө катаал режим менен оңой виза бербей кармашат турбайбы?

- Ошол студенттик виза менен келип иштеп жаткандыгы үчүн башка, чынында окуйм дегендерге виза алыш аябай татаал, акча да көп керектелет. Анан башка да көп документтерди чогултуш керек, мурункудан татаал болуп калды.

- Эми бул Британиянын окуусу өтө кымбат. Кээ бирлерин ата-энеси колдошу мүмкүн, ошол эле учурда кыргызстандыктарга грант да берилет бекен?

- Бул жакта грант деген абдан аз, эң таланттуу кишилерге гана берет. Университетте беш чакты кишиге эле берет болуш керек. Аны алыш үчүн кыргыз студенттин да мүмкүнчүлүгү бар, чынында окуйм деген студент болушу керек.

- Болжол менен бул жакта ар бир окуу жылда өзүнчө акча төлөнөт турбайбы, кийинки окуу жылда акча көбүрөөк болуп калышы мүмкүн. Кайсы университеттерде канчадан төлөшөт экен?

- Акчасы кайсы сабак окуп атканына жараша төлөнөт. Мисалы, мен экономиканы окуп атам, жылына тогуз жарым миң фунт төлөйм. Биздин акча менен он алты миң доллар болот. Эгер доктор болом деп медициналык курска кирсе, ал андан да кымбатыраак 13-14 миң фунттай.

- Эми окууну бүткөндөн кийин аманчылык болсо Кыргызстанга барасың, ошондо сен окуп жатканыңдын кандай жактарын алса дурус болот эле деп ойлойсуң. Сен окуган окуу жайдын кандай мыкты сапаттары бар?

- Мисал катары айта кетейин, колледжде окуп жүргөндө абдан кызыктуусу бизде Кыргызстанда математика окуганда жалаң эле сандарды жазабыз. Бул жерде жылдын ичинде эки жолу доклад жазгыла дейт, бирок ал доклад жалаң эле сан менен жазылбайт. Жыйынтык чыкканда эмне үчүн ал ушундай жыйынтык чыкты, туура эмес болуп калса аз балл койбойт, сенин жыйынтыгың эмне үчүн ушундай чыкты деп ойлойсуң деп сурайт.

- Бизде тапшырма бергенде математика же алгебра болобу, белгилүү гана жыйынтыкты күтүшөт, башка учурда ката деп эсептешет. Сиздерден демек аналитикалык жактан түшүндүрүүнү талап кылат экен да?

- Аналитиканын жакшы жагы - сөз менен жазыш керек. Эмнени өзгөртсө кандай жыйынтык чыгат, кайсыл жакка өзгөрөт дегендей айтып бериш керек.

- Студент кезде сабактан тышкары дагы руханий жактан өсүш керек да, сабактан тышкаркы учурларда эмне менен алектенесиңер, дискотекага же киного барасыңарбы, китеп окуйсуңарбы, бош убактыңды кандай өткөрөсүң?

- Бош убакта шаарга чыгып музейлерге, кызыктыруучу жактарга деле барабыз. Англис студенттин логикасы мындай да, дем алыш күнгө чейин күнү-түнү менен окуп, дем алыш күнү шаарга чыгып эс алып жыргап келишет.

- Студент Британияда кайсы бир саат иштегенге укугу бар, мисалы аптасына 20 сааттан ашпаган жумуш тапканга мүмкүнчүлүгү бар делет?

- Студенттик виза алганда эле визанын үстүндө жазылып турат 20 саат иштесе болот деген. Бул жерде студент иштейт деген абдан керектүү нерсе да, анткени университетти бүткөндөн кийин жумушка аларда ошого аябай карайт иштөө тажрыйбасы барбы деп.

- Кээде стажировка сыяктуу бекер иштеп да беришет турбайбы?

- Бекер иштеп берет, кээ бирде студент компанияга акча төлөп берип стажировкадан өтөт.

- Өзү ошол жерден стажировкадан өтүш үчүн кайра студент чөнтөгүнөн акчаны мекемеге төлөйт турбайбы анда?

- Ооба, ошондой анткени ал стажировканы өткөндөн кийин жакшы жумуш тапканга мүмкүнчүлүк болот.

- Дүйнөлүк каржы кризиси болду, ошондон кийин окууну бүткөн бир топ студенттер жумуш таба албай кыйналып аткан учур бар деп айтышат, бул чынбы?

- Чын, ошол финансылык системанын ичиндеги иштегендерге, банк же башка финансы жайларында иштегендерге абдан татаал. Анткени көп банктар финансы кризисинин учурунда бир топ жакшы адистерин кетирип салган. Студенттер жаңы эле бүтүп иш тажырыйбасы жоктугунан татаал болуп калат. Бирок алар ошол билими бар, иш тажрыйбасы барларга конкурент болушат.

- Демек бул мындан ары окубай коюш керек дегенди түшүндүрбөйт да?

-
Окубай коюш керек деген туура эмес, анткени мындан дагы көп окуш керек дегенге түрткү болот.

- Мирлан Шабдан уулу “Азаттык” үналгысы үчүн курган маегиңизге чоң рахмат!

XS
SM
MD
LG