Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Барак Обама: учакты «Ал-Каида» жардырмакчы болгон


Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама 25-декабрда Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырууга аракет жасаганы үчүн «Ал-Каиданын» Йемендеги филиалын ачык күнөөлөдү. Б.Обама радио жана теле аркылуу апталык кайрылуусу маалында учакты жардырмакчы болгон 23 жаштагы нигериялык Умар Фарух Абдулматалаб Йеменге барып, ал жерде «Ал-Каиданын» адамдарынан Кошмо Штаттарына багыт алган лайнерди жардырууга көрсөтмө алып, жардыруучу зат менен жабдылса керек, деп билдирди. «Ал-Каиданын» Аравия жарым аралында жайгашкан өкүлчүлүгү жардырууга аракет жасаганын дүйшөмбүдө мойнуна алган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG