Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Сомалиликке айып тагылды


Сүрөтчү Курт Вестергордго бычак саюуга аракет жасаган 28 жаштагы сомалиликке бирөөнүн өмүрүнө кол салууга аракет кылган деген айып коюлду. Ал жума күнү кечинде колуна балта менен бычак алып, 74 жаштагы сүрөтчүнүн үйүнө кирмек болгон. Даниялык Курт Вестергорд 2005-жылы Мухаммед пайгамбар боюнча 12 сүрөт тарткан болчу жана ал дүйнөдөгү бир катар мусулмандардын катуу сынына кабылган. Кол салынаарда ал полиция чакырууга үлгүргөн, алар болсо сомалиликке ок атышкан, андан ал жаракат алып, ооруканага жаткызылды. Сүрөтчү окуядан жабыркаган жок. Айрым маалыматтар боюнча анын башы үчүн 1 млн. доллар сайылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG