Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ө. Текебаев: Г.Павлюк “Ата Мекендин" аброюн көтөрүү үстүндө иштеп жаткан


Бул тууралуу “Азаттыкка” 3-январда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бидирди. Анын айтымында, киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюк акыркы алты ай аралыгында партиянын идеологиялык жана маалыматтык саясатын жүргүзүп жаткан.

2-январда Г. Павлюктун Ө.Текебаевке жазган электрондук каттарынын мазмуну Интернет аркылуу коомчулукка тарап кеткен. Анда маркум журналисттин азыркы бийлик боюнча пикири, өлкөдөгү орус тилдүү эркин басылмалардын абалы жана “Ата Мекен” партиясынын аброюн көтөрүү боюнча долбоору тууралуу жазылган.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алматыда мерт болгон кыргыз жараны Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Ошондой эле бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тараптын тиешелүү кызматтарына берүү маселеси чечилип жатканы айтылган.

Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматыда көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, өзүнө келбей жатып 22-декабрда кайтыш болгон. Айрым оппозициялык саясатчылар анын өлүмүн саясий буйрутма катары баалашууда. (SA)

XS
SM
MD
LG