Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жанданат


Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анан айтымында, эки тараптуу комиссиялардын эки жылга чукул тыныгуудан кийинки алгачкы отуруму апрель айына белгиленди. Мындай сүйлөшүүлөр 2008-жылдын ноябрь айынан бери боло элек. Тараптардын айрым маселелер боюнча орток пикирге келбегенинен улам сүйлөшүүлөр токтоп калган. Чек ара тактоо иштерин улантуу 2009-жылдын этегинде премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган топтун Ташкендеги сапары учурунда макулдашылган.

Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1300 чакырымдан ашуун. Буга чейин анын 994 чакырымы такталган. (SA)

XS
SM
MD
LG