Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

АКШ менен Британия терроризмге каршы күрөштө Йеменге жардам беришет


Акчалай колдоо йемен полициясынын терроризмге каршы күрөшүү бөлүмдөрүнө берилет. Йемендин түштүгүндө “Ал-Каидага”, Сомали менен чектеш жерде каракчылар менен күрөшкөн аскерлерге жардам болоору айтылды. Канча акча берилээри тактала элек. Бул демилге жаңы жыл алдында нигериялык жанкечти Америкага учкан учакты жардырууга аракет кылгандан кийин көтөрүлдү. 23 жаштагы ал жанкечти “Ал-Каиданын” Йемендеги бөлүмүндө даярдыктан өткөнү айтылган.

Ал аралыкта АКШнын Йемендеги элчилиги террор чабуулу болушу мүмкүн деген кооптонуудан улам убактылуу жабылды. Элчиликтин кызматкерлерине ахыбал жөнгө салынганга чейин жумушка келбөөнү буйрушту.

XS
SM
MD
LG