“Түндүк электр” ишканасынын маалыматы боюнча 7-январь -Ыйса машаяктын туулган күнүндө Бишкекте жана Чүй облусунда электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет. Жаңы жылдык майрамга карата 30-декабрдан 2-январга чейин Бишкекте жана Чүй облусу боюнча электр жарыгы таптакыр өчүрүлгөн жок. Даректүү өчүрүүлөр 3-январь түнү кайрадан башталды.
Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө жана энергетикалык каатчылыктын алдын алуу максатында түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейинки убакытта электр жарыгын өчүрүү өткөн жылы 1-октябрдан тартып башталган.(ZKo)