Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Б.Наргозуев: Аксыда да чек ара көйгөйү бар


Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Аксы районундагы Торук участкасындагы кыргыз жарандары анклавда калып, айылдагы бир туугандар экиге бөлүнүп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, чек арадагы талаштуу маселелерди жер алмашуу аркылуу чечүүгө болот. “Торук участкасы сыяктуу эле Байкыштак участкасынын тургундары да чек ара маселеси оң чечилеринен үмүт артып турат”,-дейт Б.Наргозуев.

Жаңы жыл алдында премьер-министр Данияр Үсөнов Өзбекстанга барган иш сапары маалында сүйлөшүүлөр болуп, эки жылдан бери токтоп калган кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо иши кайрадан жанданган.

Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов кыргыз-өзбек эки тараптуу комиссиялардын алгачкы отуруму апрель айына белгиленгенин билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG