Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Г.Павлюк атындагы сыйлык уюштурулду


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясы уюштурган Геннадий Павлюк атындагы жыл сайын берилүүчү сыйлык сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, адам укуктарын коргоого, демократияны орнотууга кошкон салымы үчүн журналисттерге, бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө, саясатчыларга ыйгарылат. Ал ошондой эле Бишекек шаар бийлигине кайрылып, Г.Павлюктун эстелигин тургузууга шаардын борборунан жер участогун сурашарын белгиледи.
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү №77 көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.
Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG