Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Иранда чет өлкөлүк жарандардын кармалганы кабарланууда


Иранда өткөн айда болгон тополоңдор маалында чет өлкөлүк жарандар камакка алынганы маалымдалууда. Ирандын чалгындоо министри Хейдар Мослехи мамлекеттик телеканалдан чыгып сүйлөп, чет мамлекеттердин жарандары Ашура майрамы алдында өлкөгө келип, "системага каршы психологиялык согуш жүргүзүшкөн" деп айыптады. Министр канча киши камалганын жана алар кайсы өлкөлөрдөн келгенин айткан жок. Расмий булактар Дубай телеканалы үчүн иштеген Сириянын жараны кармалганын гана бышыкташты. 27-декабрда диний майрам учурунда оппозициянын тарапкерлери менен коопсуздук күчтөрү кагылышып, бери дегенде 8 киши өлгөн. Ирандан келген дагы бир кабарга ылайык, Тегеран университетинин окутуучулары жогорку лидер Аятолла Али Хаменеиге кат жолдоп, демонстранттарга каршы зомбулукту токтотууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG