Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Орусия Белоруска мунай бере баштады


Орусия Белоруска, андан ары Европага мунай бере баштады. Бул тууралу премьер-министр Владимир Путинге кирген анын орун басары Игорь Сечин билдирди. Ырасмий Минск дагы мунай келе баштаганын тастыктады. Ошол эле маалда премьер В.Путин Белоруска жана Белорус аркылуу Европага мунай экспорттоо боюнча Минск менен сүйлөшүүлөрдү улантууну тапшырды. Бул эки мамлекет ортосунда 2010-жылга келишим баадан улам түзүлө элек. Москва кымбат баа сурап жатат, ага көнбөгөн Минск болсо Орусиянын Калининград облусуна электр кубатын бербей коём деп коркутууда.

XS
SM
MD
LG