Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Иран президенти Борбор Азияда


Кечээ Тажикстанга жасаган иш сапары маалында Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад Ооганстан менен Пакистандагы абалды жакшыртуу жаатында ырасмий Дүйшөмбү менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. Ал президент Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда Иран Тажикстандын энергетика, айыл чарба тармактарына инвестиция салууга даяр экенин айтты. Бүгүн Ирандын президенти Ашхабадда президент Курбангулы Бердимухаммедов менен жолугуп, Иран менен Түркмөнстан ортосундагы мунай куурун ачууга катышмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG