Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

АКШ: Иран үчүн сүйлөшүүгө эшик дале ачык


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ирандын шек жаратып келаткан өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө АКШ дале даря экенин билдирди. Х.Клинтон ошондой эле өзүнүн союздаштары менен Иранга кантип басым жасап, санкция киргизүүнүн жолдорун макулдашканын да эскертти. Мамлекеттик катчынын бул айткандарын Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Билл Бартон дагы бышыктап, Иран туура жол тандап, эл аралык коомчулук алдында алган милдеттемелерине кайтып келүү боюнча сүйлөшүүлөргө АКШ дале даяр деп билдирди. Иран өзүнүн өзөктүк куралдары боюнча эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүдөн акыркы убакта баш тартып келатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG