Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Х.Карзай парламенттен эс алууга кетпей турууну суранды


Ооган президенти Хамид Карзай жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн бекитип бермейинче парламентти кышкы каникулга тарабай турууну буюрду. Ишембиде ал министрликке көргөзгөн 24 адамдын он жетисин Ооган парламенти бекитпей койгон болчу. Августта таза эмес өткөн шайлоодон бери бул өлкө саясий оюндар менен алек болууда. Кечээ президент Х.Карзай жарлык чыгарып, анда өкмөткө жаңы талапкерлер жакын арада сунуш кылына турганын, ага чейин болсо парламенттин эс алууга чыкпай турушун көргөздү. Парламент бүгүн каникулга тарамак.

XS
SM
MD
LG