Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Г. Павлюктун өлүмү боюнча ишти көз карандысыз кароо талап кылынууда


“Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маркум журналисттин жубайы менен бирге ЕККУга жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылды. Укук коргоочу журналисттин өлүмүнө байланыштуу казак полициясы менен кыргызстандык күч органдарынын божомолдору эки ача чыгып жаткандыгын белгилеп, бул ишти кыргызстандын күч органдары иликтөөгө алган учурда башкача түскө ээ болуп калышы ыктымал, деген шектенүүсүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, жарандык коомдун атынан ЕККУдан журналисттин жубайынын кызыкчылыгын коргоо үчүн күчтүү адвокат жалдап берүүнү өтүнүштү.
Мурда кабарлангандай кыргызстандык журналист Г. Павлюкту 16-декабрда Алматы шаарында белгисиз бирөөлөр катуу токмоктоп, колу-бутун таңып туруп 6-кабаттан ыргытып жиберишкен. Журналист ооруканада өзүнө келе албай жатып каза тапкан. Оппозиция анын өлүмүн сөз эркиндигин кысуу аракети катары балоодо.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG