Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Элеттиктер энергетиканын кымбаттаганына каршы


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Таза табигат” коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева билдирди. Анын айтуусунда “Менин тандоомдун мезгили” жарандык күчтөр биримдиги жаңы жыл алдында Баткен, Талас, Ош, Жалалабат облустарын жана Кемин районун кыдырып, энергетиканын кымбаттап жатканы боюнча талкуу жүргүзүп, бул жаатта карапайым калктын пикири менен таанышып келди. А. Дауталиеванын белгилөөсү боюнча элеттик тургундар электр энергиясынын 1кВт сааты үчүн 72 тыйындан төлөй албай карызга батып келгендигин, эми эки эселеп кымбат төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетпей тургандыгын айтышкан.
Жарандык коом өкүлдөрү 9-январда Коммунисттер партиясы тарабынан уюштурулуп жаткан жыйынга катышып, өкмөт башчысына жана энергетика министрине суроолор беришмекчи.

Кыргыз өкмөтү 2010-жылдан тарта электр энергиясына акы эки, жылуулук менен ысык суу үчүн төлөмдөр беш эсе көтөрүлөрүн ноябрь айында жарыялаган. Өкмөт буга энергетика тармагын оңдоо жана колдоо максатында барып жаткандыгын белгилөөдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG