Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Чек ара боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү апрелде Ошто өтөт


Жаратылыш байлыктары боюнча министрликке караштуу делимитация жана демаркация бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Каныбек Ботокановдун «Азаттыкка» маалымдашынча, чек араны аныктоо боюнча комитет уюштурулуп, комиссия кайрадан жаңыланып жаткандыгын шылтоолоп Өзбекстан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эки жылдан бери баш тартып келаткан. Жаңы жыл алдында Ташкендеги өкмөт башчыларынын жолугушуусунан кийин чек араны такташтыруу жана аныктоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр апрель айында Ош шаарында улантыла турган болду. Жергиликтүү тургундар кыргыз-өзбек чек арасындагы чечилбеген маселелер эки өлкөнүн калкынын өз ара катташуусун кыйындатып жаткандыгын, бул эртедир-кечтир мамлекеттер аралык жаңжалга айланышы ыктымалдыгын эскертишүүдө. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG