Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:40

2011-жылы Кыргызстанда “Алтай маданияты” форуму өтөт


Бул тууралуу “Ар намыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 8-12-декабрда Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түштүк Кореянын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Алтай маданияты” форуму өткөрүлдү. “Анын негизги максаты Алтайдан тараган элдердин ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү жана экономикалык союз түзүү болуп эсептелет. Аталган форум быйылкы жылы Монголияда өткөрүлүп ага Түркия, Татарстан, Башкортостан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. 2011-жылы “Алтай маданияты” форуму Кыргызстанда өткөрүлүп, анын алкагында Ысык-Көлдө фольклордук чыгармалар боюнча фестиваль уюштурулуп, экономикалык маселелер талкууланат”,-дейт Э.Алиев. Сеулда өткөн форумга “Ар намыстын” лидери Феликс Кулов, Эмил Алиев, мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаев барып катышып келген. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG