Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

АКШ Йемендеги элчилигин кайра ачты


Дипломатиялык миссиянын иши террор коркунучунан улам 2 күнгө убактылуу токтотулган эле. Элчиликтин маалыматына ылайык, Йемендин коопсуздук күчтөрү баш калаа Санаанын түндүк чөлкөмүндө жүргүзүшкөн антитеррордук операциясы ийгиликтүү аяктады. Айрым маалымат каражаттары кабарлагандай, жергиликтүү коопсуздук күчтөрү "Ал-Кайиданын" согушкерлери менен кагылышып, бийликтегилер кол салуу даярдап жатышат деп шектенген 2 киши өлтүрүлгөн. Британия жана Франция да өз элчиликтерин кайра ачышканы кабарланууда, бирок консулдук бөлүмдөрү коомчулук үчүн жабык бойдон турат. Жекшембиде АКШ президенти Барак Обаманын терроризмге каршы күрөшүү боюнча кеңешчиси Жон Бреннан "Ал-Кайида" Йеменде Батыштын мекемелерине каршы теракттарды даярдап жатат деген шектенүүлөр жөнүндө маалымдаган. "Ал-Кайиданын" Йемендеги жоочулары 25-декабрда Амстердам-Детройт багытындагы учакты жардырууну көздөшкөнүн моюнга алышкан.

XS
SM
MD
LG