Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Иран өкмөтү "бузуку уюмдардын" тизмесин жарыялады


Ирандын чалгындоо министрлиги шайлоодон кийинки демонстрацияларга тиешеси бар жана өлкөдө тукуруу иштерин жүргүзүүдө деген 60 чакты чет өлкөлүк уюмдар менен маалымат каражаттарынын тизмесин жарыялады. Алардын катарында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун перси тилиндеги кызматы, БиБиСи, “Америка добушу” жана Голландиядан чыгуучу “Заманех” радиосу бар. Министрдин орун басары бул чет өлкөлүк “бузуку уюмдар Иран режимине каршы иш алып барышууда” деп айыптады. Иран бийлиги ошондой эле кызматташууга тыюу салынган уюмдар тизмесине Жорж Соростун Ачык коом институтун, Хьюман Райтс уоч, Фридом Хауз уюмдарын киргизген. Оппозиция өкүлдөрү өкмөт маалыматтын агымын чектөө аракеттерин күчөттү деп ырасташууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG