Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу үзгүлтүксүз жүрүүдө


Бул тууралуу “Нарынсуукурулуш” АКнун жетекчисинин орун басары Адыл Дарбышев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда учурда курулушчулар Нарын дарыясын бөгөп пайда болгон суу сактагычты тегиздөө иштерин аткарып жатышат. Жардыруу болгондон бери иш тескерисинче күчөп, курулуш жаңы жыл түнү да токтогон эмес.

30-декабрда энергетика министрлигинде Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегатын 20-майда ишке киргизүүгө арналган жыйын болуп, ГЭСтин курулушуна жоопкер ишканаларга бир катар тапшырмалар берилген.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин чөйчөгүнө суу толтуруу максатында Нарын дарыясын бөгөп, тоону жардыруу иши өткөн жылдын 22-декабрында ишке ашырылган. Суу тосмонун бийиктиги 40 метр. Чөйчөктөгү суунун азыркы көлөмү 30 млн. метр кубдун айланасында.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG