Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы Украинадагы шайлоого көз салат


Аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Украинадагы шайлоого көз салуу үчүн Кыргызстандан 20 чакты байкоочу барат. Алар жалаң гана коалициянын мүчөлөрү эмес, саясий партиялардын мүчөлөрү, журналисттер да бар. Д. Ошурахунованын айтуусунда байкоочулук кылууга негизинен жаштар жиберилип жатат, бул алардын келечектеги ишине оң таасирин тийгизүүсү мүмкүн.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы Украинадагы шайлоого байкоочулардын эл аралык ЕНЕМО уюму аркылуу байкоочулук кылат. ЕНЕМО уюму КМШ жана Европа өлкөлөрүндөгү шайлоолорго байкоо жүргүзүп келет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG