Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Каатчылык Борбор Азияда толкундоолорду жаратышы ыктымал


Мындай билдирүүнү Эл аралык кризис тобу таратты. Анда айтылгандай экономикалык каатчылык тушунда Орусия, Казакстан сыяктуу чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мигранттардын кайтуусу күчөйт, алар үчүн мекенинде жумуш орду түзүлбөгөнү – нааразылыкты күчөтөт. Эл аралык кризис тобунун маалыматында Өзбекстан, Тажикстан менен катар Кыргызстан да коюлуп, өлкөдөгү негизинен эмгекке жарамдуу калктын сыртка кетиши саясий лидерлерге буга чейин пайда гана алып келгени айтылат. Анткени алар мекенинде жумушсуз жүргөндө нааразылык толкундарынын негизги күчү болмок, деп айтылат билдирүүдө.
Билдирүү ээлери өкмөт башчыларынын кескин реформаларды жүргүзүүнү каалабастыгынан радикалдуу ислам топтору пайдаланууга аракет кылышат, анткени социалдык үмүтсүздүккө чулганып турган элди башка жолго буруу оңой болот деп белгилешет. Ошондой эле анда Батыш өлкөлөрүнүн Ооганстанга аскер күчтөрүн киргизүүгө кызыкдарлыгы да Борбор Азия аймагындагы өлкө башчыларынан реформа жасоосун талап кылууга жолтоо болот, деп айтылат.
Эл аралык кризис тобунун Азия программасынын жетекчиси Роберт Темплердин белгилөөсү боюнча аймактагы өлкө башчылары тез арада экономикалык эффективдүү системаларды ишке киргизүүгө, коррупцияны жоюуга жана элдин социалдык абалын жакшыртууга киришпесе, бул мамлекеттерде чоң толкундоолор күтүлбөй койбойт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG