Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

Балыкчы окуясы боюнча сот өкүмү күчүнө кирди


4-январь күнү Балыкчы окуясы боюнча сотто шарттуу түрдө эркинен ажыратылган жети киши Балыкчы СИЗОсунан бошотулду. Ал эми мурдатан үй камагында жүрүп, сот чечими менен жатак абакта жаза өтөөгө чектелген Гүлнара Жамгырчиева 25-декабрда сот залынан камакка алынган. Балыкчы шаардык сотунун 25-декабрдагы чечими менен бул окуя боюнча айыпталып жаткан он төрт киши шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, төртөө жатак абакта жаза өтөөгө кесилди.
Соттолгондордун адвокаты Эрмек Шаршеевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда сот чечими боюнча жогорку сот бутактарына даттанууга соттолгондордун жакындары макул болушкан жок: “Бирок ар бир соттолгон киши адвокаты аркылуу кассациялык арыз менен жогорку сот бутагына кайрылууга толук укугу бар,” –дейт адвокат Э. Шаршеев.

2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоо көз көрүнө эле бурмалоо менен өтүп жатат деп шайлоо комиссиясына билдиргенге аракет кылган 20 чакты кишини милиция камакка алып, аларга “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, баш-аламандык уюштурган, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген” деген айыптар тагылган.

Өткөн жылы Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо өтө одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык байкоочулардын ЕНЕМО уюму да тастыктаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG