Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

“Мутакалим” уюму Ошто мусулман аялдарды окутат


“Мутакалим” мусулман аялдар уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы 11-январдан тарта Ошто шарыяттын жол-жоболору боюнча сабак өткөн аялдар үчүн семинар өткөрүлөрүн “Азаттыкка” билдирди. Иш-чара облустун казысы жана Дин иштер боюнча комиссия менен биргелешип уюштурулуп жатат жана соңунда сертификат берилет. Ж. Фронтбек кызынын айтымында, семинар ислам боюнча дарс окуган аялдардын ишин мыйзамдаштыруу, диний радикал уюмдарга кирип кетүү көрүнүштөрүн азайтуу максатында жүргүзүлүп жатат. Былтыр сентябрь айында Эл аралык кризис тобу Кыргызстанда диний радикал уюмдарга кошулуп жаткан аялдардын саны өсүп жатканын билдирген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG