Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Серб президенти Кристмасты майрамдамакка Косового келди


Сербиянын президенти Борис Тадич эл аралык күчтөрдүн тик учагы менен Крисмаст майрамын белгилеш үчүн Косоводогу Високи Дечане кечилканасына келди. Косово 2008-жылдын февралында Сербиянын курамынан чыгып, өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган болчу. Косовонун премьер-министри Раме Манай кечээ "Азаттыкка" билдиргендей, Тадичтин Косового келишин Евробиримдик суранган. өз кезегинде Серб президенти эч кандай саясий билдирүүлөрдү жасабашы керек деген шарт коюлган. Борис Тадич сербиялык христиандар үчүн ыйык саналган, өзү 14- кылымда курулган Високи Дечаниде диний жөрөлгөгө катышат.

XS
SM
MD
LG