Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Өзбекстанда камалган Кыргызстандык чек арачылар кайтарылды


КР чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” кечээ билдиргени боюнча 2-январда өзбек жарандары тарабынан кармалып, камакка алынган эки чек арачы жоокер кайра аскер бөлүгүнө кайтарылды. Анын айтымында бул окуя боюнча кечээ өзбек-кыргыз чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушуп, эки тарап бири-бирине дооматтары жок деген тыянакка келди. Ал эми өзбек күч органдары тарабынан камакка алынган кыргызстандык чек арачылардын иши боюнча ички иликтөөлөр жүргүзүлөт, бирок алар Кыргызстандын мыйзамына ылайык чек араны кайтаруу буйругун аткарып турушкан дейт Чолпонбек Турусбеков.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык эки чек арачыны өзбекстандык тургундар мекендешинин уюн тартып алууга аракеттенди деген доомат менен күч органдарына кармап беришкенин жазып чыгышкан. Окуя 2-январь күнү Жалал-Абат облусунун Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектешкен аймакта болгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG