Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандардын айрымдары кассациялык арыз менен кайрылышы мүмкүн


Бул тууралуу адвокат Мукар Чолпонбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, 6-январда Балыкчы окуясы боюнча айыпталгандар боюнча соттун чечими күчүнө кирди. Ага ылайык, шарттуу түрдө эки жылдан кесилген 14 киши абактан бошотулду. Алар жаза мөөнөтүн үйүндө өткөрүшөт. Бирок милицияга келип каттоодон өтүп турушат. Ал эми төрт жылдан кесилген калган төрт жаран Ысык-Көл облустук сотко кассациялык арыз менен кайрылууну ойлонуштуруп жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG