Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Ал-Каида чалгынчылардын өмүрүн алган жардырууну өзүнө алды


Ал-Каиданын ооган бөлүмү АКШлык 7 чалгынчынын өмүрүн алган жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ооганстандын Хост провинциясында өткөн аптада АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын базасындагы жанкечтинин жардыруусунан америкалык жети офицер набыт болгон. Жанкечти Иорданиянын коопсуздук кызматы жалдаган тыңчы, бир эле маалда Ал-Каидага да иштеген, теги иорданиялык Ал-Балави экени аныкталган. Ал-Каиданын ооган бөлүмү жарыялаган билдирүүдө ал жардыруу АКШнын Пакистандагы ракеталык чабуулунан өч алуу акты болгон деп айтылат.
XS
SM
MD
LG