Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

“Журналисттер” коомдук бирикмеси ЕККУ менен бирге иштейт


“Журналисттер” коомдук бирикмеси журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу багытында Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирдикте иш алып барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган бирикменин жетекчиси Марат Токоев бүгүн билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда ушул тапта болгон массалык маалымат каражаттарына тиешелүү мыйзамдардын чегинде эле журналисттердин укугун коргосо болот. Болгону мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. “Бир убактарда журналисттерге кол тийбестик макамын бериш керек деген маселе көтөрүлгөн. Менимче мунун кереги жок. Кээ бирөөлөр кол тийбестикти жамынып өз кызыкчылыгына көп нерселерди жасашы мүмкүн. Биздин бир талап учурдагы мыйзамдын чегинде иштер жасалып, кылмышкерлер табылып, жазаланса”, - дейт М.Токоев. Ошондой эле ал 2010-жыл деле журналисттер үчүн жеңил жыл болбойт деп божомолдойт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG