Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:36

Карыялар жеңилдиктердин акчага айландырылганына нааразы


“Жеңилдиктердин алынышы –кары-картаңдарга каршы күрөш,” деген пикирин карыялардын “Акниет күчтөрдүн биримдиги” коомдук уюмунун төрайымы Валентина Житенева “Азаттыкка” билдирди. “Биз бүт өмүрүбүздү өлкөнүн өнүгүшү үчүн арнаганбыз. Аягында келип бизге каршы күрөш ачып жатышат. Өкмөттүн биздин бардык жеңилдиктерибизди акчага айландырам дегени –алдамчылык,” дейт В. Житенева. Аталган бирикме 9-январда Бишкектеги Профсоюздар үйүндө өтөрү белгиленген Коммунисттердин көчмө жыйынына катышып, ага чакырылган өкмөт башчысына суроолорун бермекчи.

Мурда кабарлангандай эртең компартиянын парламенттеги өкүлдөрү энергетика бааларынын жогорулашын талкуулоо боюнча көчмө жыйынын өткөрөт. Анда жеңилдиктердин акчага айландырылышы, кары-картаңдардын социалдык абалы тууралуу маселе да ортого салынат. Жыйынга тиешелүү өкмөт мүчөлөрү, согуштун жана эмгектин ардагерлери чакырылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG