Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

11-январда И. Исаковдун соту аягына чыгышы күтүлүүдө


Бул күнү айыпталуучу И. Исаковго сөз берилип, сот чечим чыгарышы ыктымал, анткени ага чейинки бардык соттук териштирүүлөр бүткөн деп билдирди И. Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров “Азаттыкка”. 25-декабрдагы сот жараяны айыпталуучунун ооруп калганына байланыштуу 11-январга жылдырылган.

Мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, Балыкчыда аскердик техника саткан деген айыптар ал президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматынан баш тарткандан кийин тагылган. И. Исаков өзү жана оппозиция муну бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий куугунтук деп эсептешет.
2009-жылы 14-декабрда болгон сот жараянында мамлекеттик айыптоочулар Бишкек аскердик гарнизондук сотунан И. Исаковду генералдык чининен ажыратуу менен, үй-мүлкүн конфискациялоону жана сегиз жылга эркинен ажыратууну сурашкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG