Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Б.Обама чалгын кызматынын жоопкерчилигин бөлүшөт


Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама кайрадан Америка элине кайрылуу менен чыкты. Анда ал АКШнын чалгын кызматтары 25-декабрдагы окуяга байланыштуу маалыматтарды алганы менен, аларды жалпылап, коркунучтун маанисин түшүнө алган эмес, деп билдирди. Ошону менен бирге ал президент катары чалгын кызматынын тартаар жоокерчилигин кошо бөлүшө турганын айтты.

- Акыр-аягы жоопкерчилик менде. Президент катары менин нация алдында жана биздин элдин алдында алган жоопкерчилигим бар. Системада кемчилик кетсе – бул менин дагы кемчилигим, - деди ал.

Президент ошондой эле террорго тийиштиги бар делип шектелгендердин тизмези катаалдатыла турганын, ал эми коопсуздук чаралары күчөтүлө турганын билдирди. Акыркы үч күндүн ичинде Барак Обама аталган окуя боюнча ушуну менен экинчи ирет билдирүү жасап отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG