Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Коммунисттердин көчмө жыйынында жеңилдиктер каралат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынан депутат Бүмайрам Мамасеитова “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшү менен кошо карыларга жана социалдык жактан колдоого муктаждарга берилүүчү жалпы жеңилдиктердин кыскарышына байланыштуу маселе талкууланат. “Коммунисттер фракциясына өзгөчө Бишкектеги эмгек ардагерлери арыз менен кайрылышып, кайсы жеңилдиктер кыскартылганын билишпестигин белгилешип, ардагерлерге жеңилдиктер акчалай түрдө канча суммада берилерине жооп сурашкан. 9-январда Коммунисттер фракциясынын көчмө жыйынына өкмөттүн мүчөлөрү, тиешелүү министрликтин, мекемелердин жетекчилери дагы чакыртылган”,-дейт Б.Мамасеитова.

Өткөн айда Социалдык камсыздоо агенттигинин жетекчиси Назгүл Ташпаева мамлекеттен ар түрдүү жеңилдик алып келгендердин категориясы жаңы жылдан тарта 25ке чейин азаярын белгилеп, Ата Мекендик согуштун ардагерлерине айрым жеңилдиктер акчалай берилерин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG