Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

А.Жапаров: Электр энергиясынын кымбатташынын пайдасы да бар


Мындай пикирин “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров билдирди. Анын ырасташынча, электр энергиясы, жылуулук жана ысык сууга бааларды көтөрүү замандын талабы болгон. Бул чечим ремонтко жана жаңыланууга муктаж энергетика ишканаларынын абалын оңдоого багытталган.

А.Жапаровдун айтымында, тарифтердин көтөрүлүшү ишкерчилик үчүн пайдалуу. Анткени бизнесмендер эми айла жоктон энергияны үнөмдөөчү жаңы, заманбап техника жана технологияны колдоно баштайт. “Бул өз кезегинде продукциянын сапатынын жогорулашына алып келет”,- дейт биринчи вице-премьер-министр.

Кыргыз өкмөтү 2010-жылдан тарта электр кубатына тарифтер эки эсе, жылуулук менен ысык суу үчүн төлөмдөр беш эсе көтөрүлөрүн ноябрь айында жарыялаган. Өкмөт буга энергетика тармагын оңдоо жана колдоо максатында барып жаткандыгын белгилөөдө

Ошто бир нече уюмдар отун-сууга тарифтерди көтөрүүгө каршылык билдирип, отун-суу баасына мораторий киргизүү өтүнүчү менен президентке кайрылуу жолдошту. Ал эми Нарында болсо электр баасын кымбаттатууга каршы кол топтоо жүрүүдө.(AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG