Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Улуттук кийимдерди жандантуу долбоору даярдалды


“Ак шумкар кут” жаштар бирикмеси кыргыздардын улуттук кийим-кечелерин жандантууга багытталган долбоорду иштеп чыкты. Бирикменин жетекчиси Айбек Саиповдун ырасташынча, ушул тапта замандаштар, өзгөчө жаштар улуттук баалуулуктарды унутта калтырышкан. Андыктан аталган бирикме мектеп окуучулары, жаштар, орто жаштагылар, мамлекеттик кызматтагылар үчүн кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн, ыңгайлуу кийимдерди чыгаруу боюнча долбоор даярдап, Жогорку Кеңешке жөнөттү. Долбоордун максаты-замандаштардын патриоттуулук сезимин күчөтүү, улуттук баалуулуктарды жандандыруу. Бул тууралуу А.Саипов “Азаттыкка” билдирди. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG