Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курстар ачылды


"Ала-Тоо" өнүктүрүү борбору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн окуу курстарын ачты. Борбордун жетекчиси Асеин Мизираимовдун айтымында, учурда жетимиштен ашык адам бычып-тигүү, кол өнөрчүлүк, компьютер боюнча окуй баштады. Үч айлык курстарды аяктаган соң алар ээ болгон өнөрү менен нан тапканга мүмкүнчүлүк алышат. А. Мизираимовдун айтымында, келечекте мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн бут кийим оңдоо, устачылык боюнча курстарды ачуу максаты бар.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 120 миңден ашат жана алардын жарымына жакынын жаштар түзөт.

XS
SM
MD
LG